Akchabarsearch
    Италиялык режиссер Кыргызстанда киностудиясын ачышы мүмкүн

    Жарыяланган

    2025-12-06, 14:03

    Италиялык режиссер Кыргызстанда киностудиясын ачышы мүмкүн

    Белгилүү италиялык актер жана режиссер Микеле Плачидо Бишкекке келди. Ал борбор калаада өтө турган эл аралык кинофестивалга катышат. 

    «Спрут» аттуу телесериалда комиссар Каттанинин ролун аткарып, таанылган Микеле Плачидо УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолуккан. Ал өзүнүн киностудиясы тууралуу айтып берип, аны Кыргызстанда ачууну пландап жатканын билдирген.

    Ошондой эле ал Кыргызстанды Борбор Азиядагы туристтик борбор катары таанытууга кол кабыш кылууга даяр экенин белгилеген.


    Тектеш материалды окуу