
Жарыяланган
2026-30-07, 13:31Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына Япониянын JICA өнүктүрүү агенттиги тарабынан 11.5 млн долларлык жабдыктар берилет. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүк билдирди.
Маалым болгондой, ал жабдыктартар ооруканага акысыз негизде берилет.
JICA ооруканага 31 түрдүү, 130 даана жабдыкты тапшырат. Алардын жалпы наркы 11.5 млн долларга жетет.
Бериле турган жабдыктардын арасында ангиограф жана компьютердик томограф аппараттары бар. Бул жабдыктар үчүн кошумча имарат куруу пландалууда.



