
Жарыяланган
2026-30-07, 11:00Ош шаарында коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, мэрияда калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өткөн.
Анда шаардагы коомдук тамактануучу жайларында тамак-аш коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык жана санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы талкууланган. Айрым жерлерде санитардык жана ветеринардык талаптардын жетиштүү деңгээлде сакталбай жатканы белгиленген.
Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга коомдук тамактануучу жайларында санитардык талаптардын сакталышына туруктуу көзөмөл жүргүзүү, мыйзам бузууларды четтетүү, ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана тамак-аш азыктарынын сапаты менен коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилген.
Мындан тышкары ишкерлерге санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-ветеринардык жана техникалык талаптарды так сактоо милдети коюлган.



