Akchabarsearch
Президент жана ЖК шайлоолору үчүнчү күнү өтүп, ал дем алыш күн болот

Жарыяланган

2026-30-07, 11:57

Президент жана ЖК шайлоолору үчүнчү күнү өтүп, ал дем алыш күн болот

Эми Кыргызстанда президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу үчүнчү күндөрү өткөрүлө баштайт жана шайлоо өткөн күндөр дем алыш күн болот. Тиешелүү мыйзамдарга президент Садыр Жапаров кол койду. 

Ага ылайык, 2027-жылы боло турган президенттин шайлоосу 27-январда, үчүнчү күнү өтөт (буга чейин шайлоо 24-январда өтөт деп кабыл алынган). Андан кийинки президенттик жана парламенттик шайлоолор да үчүнчү күндөрү өткөрүлүп турат. 

Президенттик жана парламенттик шайлоо өткөн күн Кыргызстанда эс алуу (жумушчу эмес) күнү болот. Шайлоого катышкандар үчүн ал күнү иштебегенине карабай ошол күндүн айлыгы төлөнүп берилиши керек болот. Шайлоого барбагандарга ал күндүн айлыгы төлөнбөйт. Андан тышкары өкмөткө шайлоого катышкандарга кандайдыр бир жеңилдик же сыйлык берүү сунушталат. 

Кокус иш берүүчү кызматкерди шайлоо күнү иштете турган болсо, ошол күндүн маянасын эки эселеп төлөп, эс алганга башка бир күндү бериши керек болот. 

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда жарандар барган сайын шайлоого аз катышууда. Бул мыйзамды жазгандар шайлоо апта ичинде өтсө, шайлоого келгендер көбөйөт деген ойдо. 


Тектеш материалды окуу