Akchabarsearch
Министрлер кабинети 2025-жылдагы дем алыш күндөрүнүн графигин өзгөрттү

Жарыяланган

2024-30-12, 12:40

Министрлер кабинети 2025-жылдагы дем алыш күндөрүнүн графигин өзгөрттү

Министрлер кабинети 2025-жылдагы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык, 1-январдан 7-январга чейин эс алуу болот.

11-январдагы эс алуу күнү 2-январдын жумуш күнүнө, 24-февралдагы эс алуу күнү 3-январга, 10-март 6-январга жылдырылды. 2-май дем алыш күн болуп, 2025-жылдын 1-сентябрына жылдырылган.

Белгилеп кетсек, келечекте жаңы Эмгек кодексин ишке киргизүү менен майрам күндөрүн жылдыруу боюнча токтомдорду кабыл алуу практикасын жоюу пландаштырылууда.


Тектеш материалды окуу