Akchabarsearch
Кадамжайдагы бүтпөй калган оорукана оңдолуп, башка максатта колдонулат

Жарыяланган

2026-06-03, 13:22

Кадамжайдагы бүтпөй калган оорукана оңдолуп, башка максатта колдонулат

Кадамжай шаарындагы бүтпөй калган оорукана имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, башка багытта пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Кадамжай шаар мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти тендер жарыялады. Долбоорду ишке ашырууга 110 млн сом каралган.

Тендерге катышууну каалаган компаниялар арыздарын 19-мартка чейин тапшыра алышат. Оңдоо иштерин 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү талап кылынат.

Тендердин шарттарына ылайык, катышуучулар акыркы эки жыл ичинде кеминде 100 млн сомдук курулуш иштерин аткарган тажрыйбага ээ болушу керек. Ошондой эле курулуш жана монтаж иштерин жүргүзүүгө Кыргызстанда берилген жарактуу лицензиясы болушу зарыл.

Мындан тышкары, компаниялардын салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы болбошу, ошондой эле ак ниетсиз жеткирүүчүлөрдүн реестрине кирбеши талап кылынат.

Келишимди уткан компания аткарылган иштерге кеминде 3 жылдык кепилдик берип, пайда болгон кемчиликтерди өз эсебинен оңдоого милдеттүү болот.
 


Тектеш материалды окуу