
Жарыяланган
2025-09-09, 11:24Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында желим кутуча чыгаруучу цех бир суткада орточо эсеп менен 2500-2800 даана кутуча өндүрөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул жерде 8 адам туруктуу жумуш менен камсыз болгон.
Өндүрүш керектүү сырьёну Россиядан 1кг үчүн 30 сомдон алып келет. Продукция дыйкандарга жана фермерлерге жеткиликтүү баада сунушталууда.
Аталган ишкана-чакан жана орто ишкерлик субъект болуп саналат. Цехтин ишке кириши жумуш орундарын түзүү, калктын кирешесин көбөйтүү жана аймактык экономиканын өсүшү үчүн маанилүү фактор болуп эсептелет.


