Akchabarsearch
Кафелер 15% тейлөө акыны качандан тарта албай калат? Министрликтин жообу

Жарыяланган

2025-15-10, 15:21

Кафелер 15% тейлөө акыны качандан тарта албай калат? Министрликтин жообу

Кыргызстанда кафе-ресторандарга тейлөө акы деп кошумча акча алууга тыюу салынууда. 

Экономика министрлигинин Монополияга каршы саясат, атандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева билдиргендей, кафе-ресторандарга 10-15% тейлөө акы алганга тыюу салган өкмөттүн токтому чыкты. Токтом 2026-жылы 1-январда күчүнө кирет. 

Документке ылайык, келерки жылдын башынан тарта тамактануучу жайларга тейлөө акысын алганга тыюу салынат. Кафе-ресторандардын көрсөткөн тейлөө акысы тамактын баасынын ичинде болушу керек. 

Ошол эле учурда келген кардар өз каалоосу менен чайпул калтыргысы келсе, ага тыюу салынбайт. 


Тектеш материалды окуу