Akchabarsearch
Үрөн жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилүүдө

Жарыяланган

2026-07-04, 10:30

Үрөн жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилүүдө

Кыргызстанда ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Насыянын чени 3%ды түзөт, ал 36 айга чейин берилет. 

Жеңилдетилген насыяга бөлүнгөн акчанын 60%ы үрөн чарбаларына, 40%ы питомник чарбаларына берилет. 

Насыяны үрөндөрдү жана көчөттөрдү сатып алууга, жогорку сапаттагы продукцияны өстүрүүгө, ошондой эле тазалоо, иштетүү жана отургузуу боюнча заманбап жабдууларды алууга жумшоого болот. 

Каражат «Элдик Банк» жана «АБанк» аркылуу берилет. Кошумча маалыматты аталган банктардын бөлүмдөрүнө кайрылып алууга болот. 
 


Тектеш материалды окуу