Жарыяланган
2025-04-09, 18:12Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин министр кызматын Равшан Сабиров ээлеп келген. Ал кызматтан бошотулуп, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган.