
Жарыяланган
2026-09-11, 12:20Кара-Балта шаарында 2021–2026-жылдары 7 жаңы өндүрүш ишканасы ачылып, 560 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 8-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарында белгилүү болду.
Жаңы ишканалардын арасында «Азия Сталь» металлургиялык ишканасы, алтын куймаларын өндүрүүчү цех, «Зилан Эверсун Текстиль» текстиль ишканасы, бут кийим чыгаруучу цех жана «Гуандунь» кыргыз-кытай инвестициялык компаниясы бар.
Мындан тышкары, бул мезгилде шаарда 36 социалдык объект курулган. Алардын арасында 3 бала бакча, 21 балдар оюн аянтчасы, 5 воркаут аянтчасы жана муниципалдык базар бар.
Ошондой эле шаар ичиндеги 16.5 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.



