
Жарыяланган
2026-09-11, 17:36Президент Садыр Жапаров өлкөдө завод-фабрикаларды жабуу эмес, алардын санын көбөйтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Кара-Балтанын тургуну шаарда абаны булгап жаткан заводдор боюнча маселе көтөрдү. Ал шаарда ден соолугу начарлаган адамдар көбөйгөнүн айтып, заводдор жабылабы же аларга абаны тазалоочу жабдуулар орнотулабы деп сурады.
Бул суроого жооп кылган президент өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн завод-фабрикаларды жаппай, тескерисинче, аларды көбөйтүү керектигин билдирди.
«Заводдорду көбөйтө албай жатсак, силер кайра "жапкыла" дейсиңер. 5–10% нааразы эл сөзсүз болот. 90% эл алты жылдан бери "завод-фабрикаларды салып, Кыргызстанды Сингапур кыл" деп жатат. Аларды көбөйтпөсөк, кантип Сингапур кылам? Мен сыйкырчы эмесмин го», — деди Жапаров.
Президент Кара-Балтадагы «Жунда» мунай иштетүүчү заводу 2011-жылдан бери курулуп келе жатканын айтты. Анын айтымында, завод-фабрикаларды куруу кайсы жерге ыңгайлуу болсо, ошол жерлерге салынат.
Ошондой эле ал өлкөдө дагы эки мунай иштетүүчү завод куруу пландалып жатканын билдирди. Алардын бири Токмок же Кемин тарапка, экинчиси Кыргызстандын түштүгүнө курулушу мүмкүн.
Жапаров билдиргендей, мындай заводдор Кыргызстанды толугу менен күйүүчү май менен камсыз кылып, башка мамлекеттердин күйүүчү майына болгон көз карандылыктан арылтат.



