Akchabarsearch
Кара-Балтада  МИК курган 1500 батир декабрда ээлерине тапшырылат

Жарыяланган

2026-15-09, 14:07

Кара-Балтада МИК курган 1500 батир декабрда ээлерине тапшырылат

Чүйдүн Кара-Балта шаарында салынып жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн биринчи бөлүгү быйыл декабрда тапшырылат.

Учурда шаарда жалпы 4950 батир курулууда. 

Декабрь айына карата 20 блоктун же 1500 батирдин курулушу бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылат деп пландалууда.

Жыл аягында бериле турган үйлөрдө азыркы тапта ички жасалгалоо, сантехника иштери жүрүүдө. Аны менен катары үйлөрдүн сыртын жасалгалоо жумуштары жүргүзүлүүдө. 
 


Тектеш материалды окуу