
Жарыяланган
2026-15-09, 11:362026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 27.6 млн сомго ширеңке импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Жарым жылда өлкөгө 234 тонна ширеңке сатып келинген. Күкүрттүн көбү Кыргызстанга Россия (191.7 тонна) жана Өзбекстандан (42.3 тонна) импорттолгон. Дагы азганакай ширеңке Түркиядан келген, бирок анын өлчөмү көрсөтүлгөн эмес.
2025-жылы жарым жылда өлкөгө 145.1 тонна күкүрт импорттолгон. Былтыркы алты айга караганда быйылкысында импорт 88.9 тоннага көбөйгөн.



