
Жарыяланган
2026-15-09, 12:00Талас облусунун Манас районунда 1 гектар жерден 100 центнер (10 тонна) буудай түшүмү алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик 1 гектардан 100 центнер алуу өлкөдөгү буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгилейт. Маселен Кыргызстанда гектарынан орточо 50-55 центнер буудай жыйналат.
Айыл чарба министрлиги дыйкан заманбап агротехнологияларды, сапаттуу үрөндөрдү колдонуп жанагындай жакшы түшүм ала алганын билдирди.



