Akchabarsearch
Кара-Сууда баасы 15,6 млн сомду түзгөн жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Жарыяланган

2026-06-02, 12:49

Кара-Сууда баасы 15,6 млн сомду түзгөн жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Кара-Сууда сатылып кеткен социалдык объектке таандык жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүндө жайгашкан мурдагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна тийиштүү 0,24 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. 

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында базар баасы 15,6 млн сомду түзгөн 0,24 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.


Тектеш материалды окуу