Akchabarsearch
Кочкордогу  37,78 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-05-02, 12:44

Кочкордогу 37,78 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Кочкор районунда  37,78 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1996–2006-жылдар аралыгында Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан жана Чолпон айыл аймактарындагы жалпы аянты 37,78 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги аныкталды.

Натыйжада жалпы баасы 80 млн 300 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.


Тектеш материалды окуу