Akchabarsearch
Сузакта жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды

Жарыяланган

2026-06-02, 09:34

Сузакта жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды

Сузак районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Сузак тазалык коому» муниципалдык ишканасынын директору М.И. жаран С.Н. менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз аракеттерге барган. Алар Сузак районунун Благовещенка айылында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонушкан.

Текшерүү учурунда аталган адамдар жер тилкелерин жарандарга бир участок үчүн 700 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейинки баада сатып жүргөнү аныкталган.

Мындан тышкары, мыйзамсыз сатылган жерлерди мыйзамдаштыруу максатында жер мунапысына байланыштуу талаш-тартыштуу маселелерди кароочу мамлекеттик комиссиялардын жол-жоболорун колдонушканы белгилүү болду.

Кылмыш ишинин алкагында М.И. жана С.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда кылмыштын бардык эпизоддорун, мыйзамсыз алынган каражаттардын жалпы суммасын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.


Тектеш материалды окуу