Akchabarsearch
Каракол шаарындагы  күрөөканалар текшерилип, 16сына мөөр басылды

Жарыяланган

2026-04-02, 15:22

Каракол шаарындагы күрөөканалар текшерилип, 16сына мөөр басылды

Каракол шаарындагы күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 16 күрөөканага мөөр басылып, калгандарына карата текшерүү иш-чаралары улантылууда.

Белгиленген пайыздык чендердин (30%дан жогору эмес) ашыкча бааланышына жол бербөө боюнча күрөөканалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды сергек болууга жана насыя жана башка мүлккө байланыштуу документтерди алууда, кол коюп жаткан документтерин кылдаттык менен карап чыгууга чакырды. 


Тектеш материалды окуу