
Жарыяланган
2026-09-03, 16:16Кыргызстандагы күрөөканалар рыногу учурда «тазалоо» процессинен өтүп жатат. Жыл башынан бери Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ондогон күрөөканалардын лицензиясын жокко чыгарды, ошол эле учурда жаңы иштеп баштаган бир нече компанияларга уруксат берди.
Лицензияларды массалык түрдө токтотуу февраль айында болду. Алсак, 2-6-февраль күндөрү «Рабия и Ко», «Покровка», «Алтын Магнит», «Копилка», «Нур-Финанс», «НКБ Капитал», «Кепилдик», «Акча мол», «Тулпар 55», «Акчабар Капитал», «Гул-Казына», «Кредит Капитал», «Денежный», «Авентус Финанс», «МаниМакс», «Озирис», «Гермес», «Алтын Казына», «ЕвроНур», «Элдик Капитал» сыяктуу 40тан ашык күрөөкананын лицензиясы токтотулган.
Кийинчерээк бул процесс уланып, 9-13-февраль күндөрү «Умут», «Алтын Гарант», «Экстра», «Три семерки кей джи» күрөөканаларынын лицензиялары алынган. Ошондой эле «Микро Капитал» күрөөканасы Бишкектеги бөлүмүн жапкан. Февраль айынын акыркы жумасында «Жолуке», «Гранд Азия», «Антинарий» жана «Автоплюс» компанияларынын да ишмердүүлүгү токтотулган.
Рыноктон ушундай көп компаниялар кеткенине карабастан, «Тумар Гарант» жана «Омега Экспресс» сыяктуу жаңы күрөөканаларына иштөөгө уруксат берилди.
Күрөөканалардын жабылышына өкмөттүн уставдык капиталга карата койгон жаңы талаптары себеп болууда. Тактап айтканда, минималдык капиталдын көлөмү жыл сайын көбөйтүлөт:
• 2025-жылдын 1-январынан — 3 млн сомдон кем эмес;
• 2026-жылдын 1-июлунан — 7 млн сом;
• 2027-жылдын 1-июлунан — 14 млн сом;
• 2028-жылдын 1-июлунан — 20 млн сом.
Аталган кызмат белгилегендей, бул чаралар рынокту иретке келтирип, компаниялардын ишин турукташтырууга жана кардарлардын укугун коргоого багытталган. Жаңы талаптарды аткара албаган күрөөканалар рыноктон кетүүгө аргасыз болууда.


