
Жарыяланган
2026-20-01, 13:53Былтыр күрөөканаларды текшерүүнүн жыйынтыгында 1,5 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу Финансылык рынокту көзөмөлдөө, контролдоо жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башчысы Сүйөркул Ашимжан уулу “Кабарга” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул пландык жана пландан тышкары текшерүүдөн салынган айып пул.
“2018-жылы ишкердикти текшерүүгө тыюу салынган. 2024-жылы мораторий алынып салынган. Мурда пландык текшерүү жүргүзө алчу эмеспиз. Жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде текшерчүбүз. Жаран кайрылган маселе боюнча эле текшере алчубуз. Азыр эми текшерүүлөр болуп жатат”, - деди ал.



