Akchabarsearch
Илим министрлиги сабак калтырган студенттерден айып пул өндүрүү практикасын токтотууну сунуштады

Жарыяланган

2026-14-01, 11:51

Илим министрлиги сабак калтырган студенттерден айып пул өндүрүү практикасын токтотууну сунуштады

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги окуу сабактарын калтыргандыгы үчүн студенттерден акчалай айып пул өндүрүү практикасын токтотууну сунуштады. 

Бул демилге жогорку, орто кесиптик билим берүү уюмдарына, менчик формасына карабастан  тийиштүү экенин аталган министрлик эскертти.

Министрлик бул сунуш билим берүү чөйрөсүндө негизсиз каржылык жаза колдонууга жол бербөө максатында берилгенин билдирди. Акчалай санкцияларга байланышпаган академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды колдонуу сунуштайт.

Муну ишке ашыруунун алкагында министрлик жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти демилгелемекчи.


Тектеш материалды окуу