
Жарыяланган
2026-27-01, 14:32Малекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө бирдиктүү салык декларациясынын тапшырылышы текшерилүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, аны белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган же туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 3472 кызматкер аныкталды.
Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызмат адамына жалпы 13 млн 674 миң сом өлчөмүндө айып салынды.



