
Жарыяланган
2026-22-05, 18:00Каракол шаарында эл аралык деңгээлдеги “Relax-Inn” мейманкана комплексин куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Макулдашууга Улуттук агенттик, “Ысык-Көл бирдиктүү башкаруучу компаниясы” мамлекеттик ишканасы жана “Кедра” ЖЧКсы катышты.
Долбоордун алкагында заманбап, санариптик жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар менен жабдылган мейманкана комплекси курулат. Инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 5 млн долларды түзөт. Каражат толугу менен жеке инвестор тарабынан каржыланат.
Долбоор боюнча 100–200 орундуу мейманкана, ден соолукту чыңдоочу жана коомдук жайлар курулары пландалууда. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундарын түзүү жана Караколдогу кризистик борборду куруп, кийин мамлекетке өткөрүп берүү каралган.
Маалыматта белгиленгендей, долбоор Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын жогорулатууга жана аймакка кошумча инвестиция тартууга жардам берет.



