
Жарыяланган
2026-22-07, 11:33Каракол шаарындагы Пушкин атындагы борбордук сейил бакты жаңылоо иштери 85% бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 100 жылдык тарыхы бар сейил бак толугу менен реконструкцияланып жатат. Анын жалпы аянты 7.5 гектарды түзөт.
Учурда 12 аттракциондун, административдик имараттын жана башка негизги объектилердин курулушу дээрлик аяктады. Азыр аттракциондорду сыноо, газон төшөө, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, жөө адамдар жана велосипед жолдорун бүткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында сейил бакка заманбап фонтан, спорт аянтчалары, амфитеатр, кафетерий жана эс алуучулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө.


