Akchabarsearch
Талас шаарындагы борбордук сейил бакта 8 даана аттракцион коюлду

Жарыяланган

2026-17-03, 15:07

Талас шаарындагы борбордук сейил бакта 8 даана аттракцион коюлду

Талас шаарындагы борбордук сейил бакта 8 даана заманбап аттракцион коюлду. Учурда алардын айланасы тазаланып, ирээтке келтирилүүдө. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди.

Долбоордун жалпы наркы 150 миллион сомду түзөт. Аттракциондорду толук ишке берүү ушул жылдын июль айына пландалууда.

Алдыда парк аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана оңдоп-түзөө иштери улантылат. 
 


Тектеш материалды окуу