akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-01-05, 17:57

    Казакстанда "инвестициялык виза" киргизилүүдө

    Казакстандын Тышкы иштер министрлиги чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн "инвестициялык виза" киргизилип жатканын билдирди. 

    Жаңы эрежелерге ылайык, казакстандык компаниялардын уставдык капиталына же жергиликтүү баалуу кагаздарга 300 миң доллар инвестиция салган чет элдиктер "инвестициялык виза" алуу үчүн электрондук түрдө арыз бере алышат. Аталган виза чет элдиктерге Казакстанда 10 жыл жашаганга уруксат кагаз алууга мүмкүндүк берет.

    Мындай визалык программалар Европа, АКШ, БАЭ жана Сингапурда колдонулуп, инвестиция тартуу үчүн натыйжалуу курал болуп саналат. 


    Тектеш материалды окуу