
Жарыяланган
2025-17-12, 17:36Мамлекеттик салык кызматы быйыл салыктарды жана төлөмдөрдү тарыхта биринчи жолу пландын мөөнөтүнөн мурда толук аткарды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.
2025-жылга пландалган сумма 268 млрд 326 млн сом болчу. Бирок январь–ноябрь айларында эле 275.7 млрд сом салык жана төлөм топтолду. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 71.9 млрд сомго көп.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жылдын аягына чейин жалпы салык жана төлөм 300 млрд сомдон көп болушу күтүлүүдө.
Камсыздандыруу төгүмдөрү 74 млрд сомду түзүп, пландан 1.2 млрд сомго ашык болду.
Жалпы он бир айдын жыйынтыгында салыктар менен төгүмдөр 349.8 млрд сомго жетти. Бул өсүш салыкты көбөйтпөй, төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, процесстерди санариптештирүү жана салыкты ыктыярдуу төлөөнү жогорулатуу аркылуу алынган.


