
Жарыяланган
2026-22-04, 18:162026-жылдын январь-март айларында таңгакталган сууларга 42.7 млн эсептик-контролдук марка берилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркаланган продукциянын жалпы көлөмү 95.2 млн литрди түздү.
Продукцияны эсептик-контролдук маркалар менен маркалоону киргизүүнүн натыйжасында таңгакталган сууну, анын ичинде газдалган жана минералды өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан бюджетке 2.8 млрд сом салык түштү.
Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.6 млрд сомго көп болуп, өсүү 60.1%ды түздү.



