Akchabarsearch
Мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелердин басымдуу бөлүгүн салык түздү

Жарыяланган

2025-29-09, 16:03

Мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелердин басымдуу бөлүгүн салык түздү

2025-жылдын январь-июль айларында мамлекеттик бюджетке түшкөн жалпы кирешелердин басымдуу бөлүгүн — 65.5%ын салыктык кирешелер түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бул аралыкта салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 235 млрд 186.8 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25.9%га же 48.3 млрд сомго көп. Ошол эле учурда, алардын жалпы кирешелердеги үлүшү 8.2 пайыздык пунктка азайган.

Салыктык кирешелердин негизги көбөйүшү эл аралык соода жана операциялардан түшкөн салыктын (15 млрд 518.9 млн сомго же 1.9 эсеге) жана пайда салык боюнча түшүүлөрдүн  (8 млрд 380 млн сомго же 45.7%га) эсебинен камсыздалды. 

 

 


Тектеш материалды окуу