
Жарыяланган
2026-16-01, 11:45Мамлекеттик басма сөз каражаттарын реформаланып жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Ал билдиргендей, мурда «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери, ошондой эле «Байчечекей», «Кырчын», «Жеткинчек» журналдары өз-өзүнчө иш алып барган.
Анын ичинде «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери чарбалык эсеп негизинде иштеп келген.
«Кырчын» жана «Жеткинчек» журналдары жоюлуп, «Кыргыз туусу» басма үйү түзүлдү.
“Бул басма үйүнө «Кыргыз туусу» гезити, «Слово Кыргызстана» гезити, жаңы түзүлгөн «Ала Тоо» адабий журналы, «Байчечекей» балдар журналы киргизилди. Басылмалардын баары мамлекеттик камсыздоого өткөрүлдү. Буга чейин бул гезиттер өз айлыгын өздөрү таап келген. Эми алардын кызматкерлеринин эмгек акысы толугу менен мамлекет тарабынан төлөнөт жана атайын эсебине түшкөн каражаттан калем акылар кошумча төлөнүп турат”, - деп жазды Тагаев.



