Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: Бааларга жараша айлык акы да көтөрүлүп турсун

Жарыяланган

2026-10-02, 10:51

Мыйзам долбоору: Бааларга жараша айлык акы да көтөрүлүп турсун

Бааларга жараша айлык акы да көтөрүлүп турсун. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Акимбаева даярдап, документ коомдук талкууга чыгарылды. 

Депутат белгилегендей, 2014-жылдан 2024-жылга чейин баалар кыйла (68.2%га) өскөндүктөн, жарандар тапкан кирешесине мурункудай азык-түлүк сатып ала албай калды. 

2025-жылы жаңы Эмгек кодекси кабыл алынганда, эски кодекстеги жумуш берүүчүлөрдү азык-түлүк, кызматтардын кымбатташына жараша эмгек маянаны да көтөрүүгө милдеттендирген 156-берене күчүн жоготкон. Ошондуктан азыркы кодексте айлык маянаны баалардын өсүшүнө карап көтөрүү керектиги тууралуу норма жок болуп калган.

Ошондуктан депутат “бааларга жараша айлык акы көтөрүлүп турсун” деген беренени кайтарууну сунуштап жатат. Ага ылайык, республикалык бюджеттен акча алып иштеген ишкана-мекемелерде айлык акы тиешелүү мыйзамда жана башка нормативдик-укуктук актыларда каралган тартипте көтөрүлөт. 

Ал эми республикалык бюджеттен акча албаган жана жеке-ишкана мекемелерде айлык канча убакта бир көтөрүлүп турары, анын тартиби, шарттары жамааттык келишимде, макулдашууда каралат же маяна мекеменин өзүнүн жоболоруна ылайык көтөрүлөт.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанда орточо айлык акы бир жылда 11.7 миң сомго жогорулады

    Кыргызстандагы ишканаларда жана уюмдарда иштеген кызматкерлердин 2026-жылдын январь–июнь айларындагы орточо номиналдык айлык акысы 53 миң 759 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
    2026-27-08 05:40:28
  • ӨКМ кызматкерлерине 15 миң сом кошулат, суучулдардын үстөк акысы көбөйөт

    2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу эки мекеменин кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары өзгөрөт. Республикалык адистештирилген комбинаттын кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация берилет. Ал эми суучулдар кызматынын кызматкерлерине берилүүчү максималдуу үстөк акы кызматтык маянанын 25%ынан 50%ына чейин көбөйөт.
    2026-25-08 09:36:41
  • Кыргызстанда бардык негизги тармактарда айлык акы өстү

    Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында экономиканын бардык негизги тармактарында орточо айлык акы өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
    2026-14-08 04:19:00
  • Кыргызстанда орточо айлык акы 49.6 миң сомго жетти

    Кыргызстанда быйыл январь–апрель айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 49 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
    2026-06-07 10:34:45
Мыйзам долбоору: Бааларга жараша айлык акы да көтөрүлүп турсун Акчабарда