Akchabarsearch
Кыргызстанда орточо айлык акы 44.4 миң сомду түздү

Жарыяланган

2026-06-03, 17:22

Кыргызстанда орточо айлык акы 44.4 миң сомду түздү

2025-жылы январь-декабрь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 44 миң 419 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бир ай мурда орточо эмгек акы 42 миң 954 сом болгон. Бул аралыкта орточо номиналдык айлык акы 1 миң 465 сомго көбөйдү.

2024-жылы өлкөдө орточо айлык акы 37 миң 361 сомду түзгөн. Демек, бир жыл ичинде айлык акы 7 миң 58 сомго же 18.9%га өскөн. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу айлык акы 9.9%га көбөйгөн.

 


Тектеш материалды окуу