Akchabarsearch
Кыргызстанда орточо айлык акы 49.6 миң сомго жетти

Жарыяланган

2026-06-07, 16:34

Кыргызстанда орточо айлык акы 49.6 миң сомго жетти

Кыргызстанда быйыл январь–апрель айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 49 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21.3%га жогору. Былтыр январь–апрель айларында орточо айлык акы 40 миң 776 сомду түзгөн.

Ошол эле учурда инфляция, башкача айтканда керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу айлык акы 9.9%га өскөн.

Аймактар боюнча алганда, эң жогорку орточо айлык акы Бишкек шаарында катталып, 62 миң 674 сомду түздү. Ал эми облустар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

• Ысык-Көл облусу — 54 миң 52 сом.
• Талас облусу — 47 миң 110 сом.
• Нарын облусу — 46 миң 128 сом.
• Жалал-Абад облусу — 40 миң 581 сом.
• Чүй облусу — 38 миң 542 сом.
• Баткен облусу — 35 миң 665 сом.
• Ош облусу — 31 миң 995 сом.

Белгилей кетсек, номиналдык айлык акы — сиз жумушта белгилүү бир убакыт ичинде иштеп тапкан акчаңыздын суммасы. Ал эми реалдуу айлык акы инфляцияны, башкача айтканда, товарлар менен кызматтардын баасынын өзгөрүшүн эске алуу менен эсептелет.
 


Тектеш материалды окуу