
Жарыяланган
2026-25-08, 15:362026-жылдын 1-сентябрынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу эки мекеменин кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары өзгөрөт. Республикалык адистештирилген комбинаттын кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация берилет. Ал эми суучулдар кызматынын кызматкерлерине берилүүчү максималдуу үстөк акы кызматтык маянанын 25%ынан 50%ына чейин көбөйөт.
Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
ӨКМге караштуу Республикалык адистештирилген комбинаттын негизги кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация берилет. Төлөм кызматкердин иш жүзүндө иштеген убактысына жараша эсептелет жана бир штаттык бирдиктен ашпайт.
Бул кошумча акча эмгек өргүүсүнө, ден соолукту чыңдоо үчүн жөлөкпулга, 13-айлыкка жана бийик тоолуу же жетүүгө кыйын аймактарда иштегендиги үчүн берилүүчү үстөк акыга эсептелбейт.
Республикалык адистештирилген комбинат, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар менен иш алып барат. Учурдагы эрежелерге ылайык, анын техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлерине 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнүп келет.
Мындан тышкары, өзгөртүүлөр ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштер борборуна да тиешелүү болот.
Учурдагы эрежеге ылайык, борбордун жетекчиси кызматкерлерге иштин көлөмү жана жакшы көрсөткүчтөрү үчүн кызматтык маянанын 25%ына чейин үстөк акы бере алат. Сентябрдан тарта анын максималдуу өлчөмү 50%га чейин көбөйөт.
Мисалы, кызматтык маянасы 20 миң сом болсо, мурда эң көп дегенде 5 миң сом, эми 10 миң сомго чейин үстөк акы берилиши мүмкүн. Бирок 10 миң сом сөзсүз берилет дегенди билдирбейт. Үстөк акыны канча өлчөмдө берүү керектигин мекеменин жетекчилиги чечет.
Мындан тышкары, эки мекемеде айрым төлөмдөрдү эсептөөдө эмгек өргүүсү, оорукана баракчасы жана дем алыш күндөрү иштөө боюнча эрежелер өзгөртүлөт.



