Akchabarsearch
Кыргызстанда орточо айлык акы 20%га чейин жогорулады

Жарыяланган

2026-18-05, 13:26

Кыргызстанда орточо айлык акы 20%га чейин жогорулады

Кыргызстанда орточо айлык акы 47 миң сомдон ашты, ал эми айрым тармактарда эмгек акы 15–20%га чейин жогорулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, кирешенин көбөйүшү элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатты. Натыйжада өлкөдө дүң жана чекене соода жанданып, тейлөө тармагында да жигердүүлүк байкалууда.

Амангельдиев экономикага акча агымынын көбөйүшү өлкөнүн өнүгүү темпин кармап турууга жардам берип жатканын белгиледи. Бийлик 2025-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрдү 2026-жылы да сактап калууну пландап жатат.

Мындан тышкары, Министрлер кабинети орто мөөнөттүү долбоорлорго түз чет элдик инвестицияларды тартуу аркылуу 2030-жылга чейин азыркы экономикалык өсүш темпин сактап турууну көздөйт.
 


Тектеш материалды окуу