
Жарыяланган
2026-13-05, 11:24Кыргызстанда минималдуу айлык акы Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрдүн ичинде эң төмөн. 2026-жылдын март айындагы маалыматка ылайык, өлкөдө минималдуу эмгек акы 38 долларды түздү.
Салыштырсак, Россияда минималдуу айлык 337 доллар, Беларусьта 292 доллар, Казакстанда 174 доллар, ал эми Арменияда 199 долларды түзөт.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда минималдуу айлык акыркы жылдары бир аз өскөнү менен, өсүү ыргагы башка өлкөлөргө караганда жай бойдон калууда. 2023-жылы ал 26–27 доллардын тегерегинде болсо, 2026-жылы 38 долларга жетти.
Эң чоң өсүш минималдуу эмгек акы боюнча Россия жана Беларусь өлкөлөрүндө катталды.Россияда минималдуу айлык 2023-жылдын декабрында 179 доллар болсо, 2026-жылдын февралына карата 353 долларга чейин өскөн. Беларусьта болсо ушул эле мезгилде 174 доллардан 300 долларга чейин жогорулаган.
Өлкөдө минималдык айлык көп жылдан бери 3 миң сомдун тегерегинде сакталып келет. Анын доллардагы өлчөмү негизинен улуттук валютанын курсунан көз каранды.



