
Жарыяланган
2026-14-08, 10:19Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында экономиканын бардык негизги тармактарында орточо айлык акы өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Эң көп өсүш искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында катталып, айлык акы 42,9%га көбөйгөн.
Ошондой эле саламаттык сактоо жана калкты социалдык тейлөө тармагында айлык 38,2%га, билим берүүдө 34,6%га, айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоодо 34,4%га өскөн.
Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк тармагында айлык акы 32,2%га көбөйгөн.
Башка тармактарда да өсүш байкалган:
• суу менен камсыздоо, тазалоо жана калдыктарды кайра иштетүү — 28.3%;
• кыймылсыз мүлк менен операциялар — 24.9%;
• каржы жана камсыздандыруу — 23.7%;
• курулуш — 22.5%;
• энергетика — 22.4%;
• мамлекеттик башкаруу жана коргонуу — 20%;
• транспорт жана логистика — 20%;
• административдик жана көмөкчү кызматтар — 19.9%;
• соода жана автоунааларды оңдоо — 17.1%.
Ошентип, 2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда номиналдык айлык акы дээрлик бардык негизги экономикалык тармактарда өскөн.



