Akchabarsearch
Марлен Маматалиев депутаттар канча айлык аларын айтты

Жарыяланган

2026-04-03, 15:00

Марлен Маматалиев депутаттар канча айлык аларын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттардын айлык маянасы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

Ал маек берип жатканда жообу туура эмес форматта айтылганын белгиледи.

“Биздин депутаттардын айлык маянасы 58 432 сом, андан сырткары фондго 80 миң сом берилет. Бирок ал фонд унаанын ремонтуна, күйүүчү майга, айдоочуларга жана аймактарга кеткен чыгымдарга колдонулат. Аймактарды кыдырууда өз акчаң корогон учурлар болот”, — деди Маматалиев.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанда орточо айлык акы бир жылда 11.7 миң сомго жогорулады

    Кыргызстандагы ишканаларда жана уюмдарда иштеген кызматкерлердин 2026-жылдын январь–июнь айларындагы орточо номиналдык айлык акысы 53 миң 759 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
    2026-27-08 05:40:28
  • ӨКМ кызматкерлерине 15 миң сом кошулат, суучулдардын үстөк акысы көбөйөт

    2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу эки мекеменин кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары өзгөрөт. Республикалык адистештирилген комбинаттын кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация берилет. Ал эми суучулдар кызматынын кызматкерлерине берилүүчү максималдуу үстөк акы кызматтык маянанын 25%ынан 50%ына чейин көбөйөт.
    2026-25-08 09:36:41
  • Кыргызстанда бардык негизги тармактарда айлык акы өстү

    Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында экономиканын бардык негизги тармактарында орточо айлык акы өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
    2026-14-08 04:19:00
  • Кыргызстанда орточо айлык акы 49.6 миң сомго жетти

    Кыргызстанда быйыл январь–апрель айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 49 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
    2026-06-07 10:34:45