
Жарыяланган
2026-27-02, 11:52Орточо эмгек акы мурдагы темп менен өскөн болсо 44 миң 419 сом эмес, 23 миң 600 сомду түзмөк. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди.
Ал эмгек акы, пенсия мурдагы темп менен өскөн болсо, азыркыга салыштырмалуу эки эсеге аз болмок деген пикирин айтты.
«Кыргызстанда орточо эмгек акынын өсүшү мурдагы эле темп менен уланганда, азыркы учурда орточо айлык 44 миң 419 сом эмес, 23 миң 600 сомду түзмөк. Ошол эле учурда орточо пенсиянын көлөмү 11 миң сом эмес, 7 миң 300 сом болмок. Кымбатчылык бул геосаясий таасир. Кыргызстанга кымбатчылык баары бир келмек», — деди Байсалов.



