Akchabarsearch
Акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 352 млрд сом түштү

Жарыяланган

2026-29-01, 14:45

Акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 352 млрд сом түштү

УКМК 2025-жылга карата ишмердүүлүгүнүн натыйжалары тууралуу жыйын өткөрдү. Жыйында маалымдалгандай акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 352 млрд сом (4.14 млрд доллар) кайтарылган.

Жыйын бүгүн, 29-январда УКМКнын башкы кеңсесинде комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өттү. Ага мекеменин борбордук, линиялык жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Ташиевдин айтымында, кайтарылган каражаттардын ичине акчалай активдер, мамлекеттик мүлк объекттери, жер тилкелери жана башка материалдык баалуулуктар кирет. 

Ал каражаттар толугу менен Президенттин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулуп, мамлекет башчысынын буйругу менен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулууда.


Тектеш материалды окуу