Akchabarsearch
Быйыл тогуз айда мамлекеттик чыгымдар 378 млрд сомду түздү

Жарыяланган

2025-03-12, 17:25

Быйыл тогуз айда мамлекеттик чыгымдар 378 млрд сомду түздү

Быйыл январь-сентябрь айларында мамлекеттик чыгымдар 378.66 млрд сомду түздү. Анын ичинен бюджеттен 94.5% же 357.98 млрд сом сарпталган. Ал эми калган 5.5%ы же 20.68 млрд сом атайын каражаттардан колдонулган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Тогуз айда мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын көпчүлүгү эмгек акы төлөөгө 110.28 млрд сом (29.1%),  жана финансылык эмес активдерди сатып алууга 81.85 млрд сом (21.6%) сарпталган.

Башка чыгымдарга 56.20 млрд сом (14,8%), товар жана кызматтарга 54.29 млрд сом (14.3%), социалдык жөлөкпулдарга 48.29 млрд сом (12.8%) бөлүнгөн. Пайыздарды төлөөгө 15.38 млрд сом (4.1%), субсидияларга 10.28 млрд сом (2.7%), гранттарга 2.09 млрд сом (0.6%) каралган.

 


Тектеш материалды окуу