Akchabarsearch
Каржы министрлиги: Өлкөнүн кирешеси өсүп, бирок акчанын запасы азайды

Жарыяланган

2025-22-12, 16:49

Каржы министрлиги: Өлкөнүн кирешеси өсүп, бирок акчанын запасы азайды

Быйыл мамлекеттин бюджетиндеги акча көбөйдү, бирок  запасы азайды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

Буга чейин бюджетте киреше 430.2 млрд сом, чыгым 405.9 млрд сом деп пландалган, профицит (ашыкча каражат) 24.3 млрд сом болчу.

Жаңыланган планга ылайык, бюджеттин кирешеси 605.5 млрд сомго, чыгымы 590.1 млрд сомго жетти. 

Баштапкы планга салыштырганда акча көбөйгөн. Бирок профицит 15.4 млрд сомду түзүп, мамлекеттин запасы мурдагыдан азайган.

Бул каражаттар негизинен тышкы карызды төлөөгө жана башка каржы операцияларына жумшалат.

 


Тектеш материалды окуу