Akchabarsearch
“Келечекке салым” депозити аркылуу 3 378 томолой жетим баланын эсебине 684 млн сом которулду

Жарыяланган

2026-27-02, 14:27

“Келечекке салым” депозити аркылуу 3 378 томолой жетим баланын эсебине 684 млн сом которулду

“Келечекке салым” депозити аркылуу 3 378 томолой жетим баланын эсебине 684 млн сом которулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, томолой жетим балага 18 жашка толгондо 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилет.

“Бул каражат балдардын жашоо-шартын жакшыртууга жана билим алуусуна болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында жумшалат”, - деди Байсалов.

Эскерте кетсек, 2024-жылы Кыргызстанда томолой жетим балдарды колдоо үчүн “Келечекке салым” программасы ишке кирген. Бул программа боюнча, мамлекет томолой жетим балдардын атына “Айыл Банкта” эсеп ачып, ага акча салат. Бала 18ге толгондо ага кеминде 500 миң сом акча берилет. Бул акчаны ал билим алууга, ипотекага үй алганга же дарыланганга жумшай алат. Акча бала 25 жашка толгонго чейин иштетилиши керек.


Тектеш материалды окуу