Akchabarsearch
Кыргызстандыктардын депозиттери 880 млрд сомго жетти

Жарыяланган

2026-16-03, 12:17

Кыргызстандыктардын депозиттери 880 млрд сомго жетти

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы коммерциялык банктардагы депозиттердин жалпы көлөмү 880 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматында айтылат. 

Бул сумма өлкөнүн ички дүң продукциясынын 45%ына барабар. 

Жалпы депозиттердин 64%ы сом менен сакталган. Калганы чет элдик валютада сакталган депозиттер.

Депозиттердин түрүнө карата алсак, алардын 44%ы эсептешүү эсептеринде, 24%ы талап кылынганга чейинки аманаттар, ал эми 32%ы мөөнөттүү депозиттерде сакталууда.

Ошондой эле банктар тарабынан төлөнүүчү орточо пайыздык чен бир аз жогорулаган. Эгер 2025-жылдын январында ал 3.7% болсо, 2026-жылдын январь айында 4%ды түздү.
 


Тектеш материалды окуу