Akchabarsearch
Кыргызстанда депозиттердин басымдуу бөлүгү сом менен сакталууда

Жарыяланган

2025-05-12, 12:20

Кыргызстанда депозиттердин басымдуу бөлүгү сом менен сакталууда

Кыргызстанда депозиттердин басымдуу бөлүгү сом менен сакталууда. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Биринчи радиого” билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын башынан бери банктагы депозиттик базасы 35 пайызга жогорулады. Бул 804 млрд сомду түзөт. 

“2022-жылы депозитти доллар менен ачкандардын саны 45 пайызды түзсө, бүгүнкү күндө 34 пайызды түзөт. Бул улуттук валютага болгон жарандардын ишенимин көрсөтөт”, - деди ал.

Ошону менен катар эле ал 2022-жылы насыяны доллар менен алгандардын саны 22 пайызды түзсө, быйыл 18 пайызды түзөрүн билдирди.


Тектеш материалды окуу