Жарыяланган
2025-30-05, 17:42Келе жаткан биринчи күнү, 2-июнда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Суу саат 10:00дөн 16:00гө чейин үйлөрдө, мектеп, бала бакча жана башка объектилерде жок болот.
Таза суу түтүктөдү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт:
Жайыл Баатыр - Арча Бешик – Арашан - Санжыра - Муромский - Айни - Көпүрө Базар - И. Ахунбаев – Репин көчөлөрү чектешкен район.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.