
Жарыяланган
2026-07-04, 11:52Бензин жана дизелдин баасы дагы кымбаттай тургандыктан, күйүүчү майдан алынган салык менен башка төлөмдөрдү убактылуу албай туруу сунушталууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов айтты.
Эшатов Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Россиядан мунайды көп өлкөлөр сатып алып жаткандыктан бензин менен дизелдин дүң баасы кымбаттап жатканын, алдыда дагы кымбаттай турганын белгиледи.
Мисалы азыр дизелдин тоннасы 1200 доллардан ашса, эң көп сатылган АИ-92 бензининин тоннасы 870 долларга чыкты. Күйүүчү май ушул баа менен Кыргызстанга ташылса, дизелдин келген баасы эле 100-103 сом, АИ-92 бензининики 78-81 сом болот: компаниянын чыгымдарын, жумушчуларынын айлык акысын, көрө турган пайдасын эсепке албаганда эле баа ушундай болот.
Эшатов билдиргендей, өлкөдөгү мунай ташуучулар элге оорчулук жаратпашы үчүн мурда арзаныраак сатып алынган күйүүчү май менен жаңысынын орточо баасын чыгарып сатышат. Ал эми коңшу өлкөрлөрдө мунай ташуучулар антпейт: бүгүн дүң баа канча болсо, эртең чекене сатканда ошол баа коюлат.
Канатбек Эшатов бензин менен дизель кескин кымбаттабашы үчүн күйүүчү майдан алынган салык менен башка төлөмдөрдү убактылуу албай туруу же азайтуу керектигин белгиледи. Себеби салык менен төлөмдөр эле күйүүчу майдын баасынын 25%ын түзөт. Бул боюнча сунушту алар министрлер кабинетине жөнөтүшкөн.
Анын айтымында, бензин менен дизелдин кымбаттаганы элге оорчулук болбошу үчүн Европанын көп өлкөлөрүндө, Кытай, Япония, Түштүк Кореяда бензинге акциздик салыкты алуу токтотулган. Сатыктан салык, кошумча нарк салыктарын чендери кыйла азайтылган.



