Akchabarsearch
Ошто коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга 200 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-07-04, 12:36

Ошто коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ош шаарында коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

Министрликтин маалыматы боюнча, алардын Оштогу башкармалыгына “Курманжан-Датка көчөсү 54” дарегинде көп кабат үй салып жаткан компаниянын үстүнөн кайрылуулар түшкөн. 

Ага байланыштуу жеринде текшерүү жүргүзүлүп, компания тарабынан техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы, коопсуздук чаралары жетиштүү түрдө камсыздалбагандыгы, ошондой эле кызматкерлер үчүн тийиштүү эмгек шарттары толук түзүлбөгөндүгү аныкталган.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ак-Кайың” компаниясына 200 миң сом айып пул салынган. 
 


Тектеш материалды окуу