Akchabarsearch
Былтыр “Кыргызалтындын” таза кирешеси 18.7 млрд сомду түздү

Жарыяланган

2026-09-04, 13:01

Былтыр “Кыргызалтындын” таза кирешеси 18.7 млрд сомду түздү

Былтыр “Кыргызалтын” компаниясы таза кирешеси 18.7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматы кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, компания 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышкан.

Жыйында айтылгандай, былтыр компания жалпы 20.7 млрд сом киреше тапса, анын 18.7 млрд сому таза киреше болуп саналат. 

Учурда “Кыргызалтындын” түзүмүнө 2 филиал, 13 туунду компания жана 4 биргелешкен ишкана кирет.

Алдыдагы үч жыл ичинде “Кыргызалтын” жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан бир катар долбоорду ишке ашырууну пландоодо. Алардын катарында “Үңкүр-Таш”, “Тоголок”, “Чакуш”, “Талдыбулак” жана “Андаш” кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар. 

Мындан тышкары, компания Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетип, алтын алуу иштерин жүргүзүүдө. 
 


Тектеш материалды окуу